Биз менен байланышыңыз

Муфтият: 2020-жылдагы ажылык пандемияга байланыштуу токтотулду

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 708 | 0

Бүгүн, 23-июнда Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлигинен жана САПтын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигинин ушул жылдагы ажылык сапары боюнча расмий билдирүүсүнө таянуу менен, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, коронавирус (Covid-19) оорусу менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги кооптуулуктун алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган Ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөрүн, ажы жана умра сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы ажылык сапары болбойт.

Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык жана Умра министрлиги эки ыйык мечитте ар жылы миллиондогон ажыларды жана умрачыларды тейлөөнү чоң сыймык деп эсептейт жана бул чыгарылган чечим зыяратчылардын коопсуздугуна жана саламаттыгына чоң салым болоорун баса белгилейт,-деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM