Биз менен байланышыңыз

 Аскердик милдетиңизди өтөдүңүз беле?

Ата журт кыйын күнгө кабылганда, 

Айлансын ар бир  уулуң чагылганга” — деп айтылгандай мекенди коргоо  — эр жигиттин ыйык милдети. Ал эми маданият тармагындагы  белгилүү мырзалар аскердик милдетин өтөдү болду бекен?  

Мирлан Баековырчы

1999-жылы окууну бүттүм, ал жакты бүткөндөн кийин эле апам каза болуп калды. Үйдүн улуусу болгондуктан, шартка байланыштуу бара албай калдым. Менден кийинки иним, карындаштарым кичинекей болчу, аларга да жөлөк-таяк болуп караганга киши керек болуп калды. Армияга өзүм аябай баргым келген. Шартка  байланыштуу  барбай  калганмын. Бирок, аскердик билетим бар. Азыркы жаштарга  сөзсүз баргыла деп айтмакмын. Себеби, эркек болгондон кийин  жоокердик  милдетти аткарып келиш керек.

 

Самат Эркинбековтамашоучу

Ошол учурда окуум башталып калып, барган эмесмин. Альтернативдик кызмат өтөп алган аскердик билетим бар. Эми мүмкүнчүлүк болсо, сөзсүз барыш керек деп ойлойм. Кээ бир учурда бир үйдүн жалгыз баласы болуп, ар кандай шарттар болуп калышы мүмкүн кызмат өтөгөнгө. Анан мүмкүнчүлүк болуп турса, барып келген туура деп ойлойм.

 

Токтобек Асаналиев  — КРнын эмгек сиңирген артисти

Мен барган эмесмин, себеби биздин учурда Советтер Союзу тарап кетип, армиянын кебетеси кетип жаткан эле. Мен болсо окуйм деп, атам болсо: «армияга жибербейм алып калам, мал багабыз» деп ошентип барбай калгам. Анан альтернативдик кызмат өтөп, аскердик билет алгам. Негизи, барыш керек. Анткени, эненин тарбиясы башка, мектептин тарбиясы башка ал эми, армиянын тарбиясы такыр башка. Эми  айылдагы эле карапайым үй- бүлөнүн баласы эмес, президенттин, министрдин баласы болсо да барышы керек. Анан бизде өлкөдө жашап жаткан, башка улуттун өкүлдөрү барбайт. Кыргызстандын жараны болгондон кийин сөзсүз барыш керек алар дагы. Ата-Мекенди коргоого баары милдеттүү. Өз кызматын кылып келиш керек деп ойлойм.

Төлөгөн Мамыров — ырчы

Мен 2011- жылы барып кызматымды кылып келгем. Аскерге барууну ар бир жигиттин милдети деп билем. Негизи, сөзсүз барыш керек, эгер барбай койсо, юбка кийип алсын (күлүп). Башка эч нерсе айталбайм.

 

 

 Эрнест Абдыжапаров —  режиссер

Альтернативдик кызмат деп азыр айтылып жатпайбы, анан бизди ал кезде 274- статья деп айылдык мугалимдерди аскерге алчу эмес. Мен институтту бүтүп алып эле айылга мугалим болуп  иштегенмин. Мугалим болгондуктан 27ге чыкканда аскердик билет беришкен. Түздөн-түз армияга барбасам да, кызматымды кылгам деп айтсам болот. Кыргыздар, негизи, жоокер элбиз, эзелтен мекенди коргоп келгенбиз. Ошондуктан, ар бир жигиттин оюнда бул нерсе бар болушу керек. Бир гана көйгөйү биринчи баргандар үстөмдүк кылып, анан кичине шарт жагынан жакшы түшүндүрбөй жатат окшойт. Себеби, азыркы учурда качкандар, өз өмүрүнө кол салгандар болуп жатат. Бизде  Советтер Союузунун терс жактары калып калган да.  Эми бул нерсе, албетте, эки тараптуу болушу керек. Мамлекет жоокерлерди өзгөчө ардактап статусун көтөрүп, анан контракттык кызмат кылам дегенди да чыгарып койсо, «аскерге барам» дегендер чекеден чыгат деп ойлойм. Ал эми качкандар болбой койбойт, ал сөзсүз болот. Дагы бир айта кетчү жагдай бир-эки адамдын айынан эле бардык жигиттер качып жатат деген дагы туура эмес.

Аско — ырчы

Окууну бүтүп  альтернативдик аскердик кызмат өтөгөнмүн. Жеке оюм — эгерде  аскердик  кызматта иштейм же дагы өзүнүн келечек кесибине керек  болсо, барган  туура деп эсептейм. Азыркы учурда чакырып калса, барбайт болчумун, мен бир жылга кетип калсам, үй-бүлөмдү ким багат (күлүп).

 

 

Омар — ырчы

Ооба, бир айга барып келгенмин. Ошол ай жашоомдогу эң жакшы күндөрдү эске салат. Мага мамлекеттик кызматкер болбогондон кийин, эч кандай документтин кереги жок болчу, өзүмдүн каалоом менен кызматымды өтөп келгем. Мен чын жүрөгүмдөн айтат элем, бир жылга бар дегенден мурун жок дегенде бир айга барып келгиле демекмин. Себеби, бир ай ичинде дагы ушунча көп нерсени үйрөнсө болот. Тактикалык  машыгуу  талаасында өзүңдү алып жүрүүнү үйрөнөсүң. Күндө автомат көтөрүп, эрте туруп, эрте жатып, андан тышкары колу сынса, өрт чыкса эмне кылуу керек дегендей жана башка дагы көптөгөн нерселерди үйрөнүп келсе болот. Бул бир гана милдет эмес, адамдын өзүнө да өтө пайдалуу. Аскерден көп  нерселерди үйрөнүп келесиң. «Мен армияга барам» дегендерди сөзсүз баргыла деп үгүттөйт элем. Анан бара электер болсо мүмкүнчүлүк болуп турса, бир айга барып келсеңиздер деле өтө сонун болот.

Copyright © 2017 Maral FM