Биз менен байланышыңыз

Боронов:118 кызматына кайрылган жарандар маалыматты ыкчам алуусу керек

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 503 | 0

Түз байланыштагы 118 кызматына кайрылган жарандар тийиштүү маалыматты ыкчам түрдө алуусу керек. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезексиз кеңешмесинде билдирди.

-Көптөгөн жарандар адистердин кеңешин алуу үчүн 118 түз байланыш кызматына чалып, ала албай жаткандарын билдирип нааразы болууда. Эгерде операторлор жетишсиз болсо, оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Адамдар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет, — деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Социалдык тармактарда тигил, же бул ооруканада бейтаптарды кабыл албай жаткандыктары тууралуу маалымат таркатылууда. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек кездешүүдө. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек жана мындай учурда орундардын жетишсиздиги маселеси келип чыгуусу мүмкүн. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу корнавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек, — деп билдирди ал.

Буга катар Өкмөт башчы дарты аныкталган бейтаптар үчүн кошумча орундарды түзүү маанилүү экендигин белгиледи.

Премьер-министр жарандар тарабынан социалдык обочолонуу жана санитардык эрежелер талабын аткаруу зарылдыгы тууралуу маалыматтык кампанияны күчтөндүрүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM