Биз менен байланышыңыз

Жумуш жана бизнес үчүн дүйнөдөгү эң мыкты жайлар аталды

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 557 | 0

Швейцариянын Менеджментти өнүктүрүү институту (IMD) жумуш жана бизнес кылуу үчүн дүйнөдөгү эң мыкты жайлардын жылдык рейтингин чыгарды.

Рейтингдин авторлору төрт негизги көрсөткүчкө басым жасашкан. Алар: экономиканын абалы, өкмөттүн натыйжалуулугу, бизнестин натыйжалуулугу жана инфраструктуранын абалы. Ошондой эле алар жергиликтүү жана эл аралык статистиканы колдонушуп, ар кандай тармактардагы компаниянын жетекчилери менен маектешүүнүн натыйжасында жыйынтык чыгарышкан.

Рейтингдин лидери өткөн жылдагыдай эле, Сингапур болгон. Алгачкы бештикке Дания, Швейцария, Нидерланды жана Гонконг кирсе, мыкты ондукка Швеция, Норвегия, Канада, Бириккен Араб Эмирликтери жана АКШ кирди. 

Рейтинг боюнча Люксембург 15-орунда, Германия 17-орунда болсо, Улуу Британия 19-орунда. Улуу Британия Европа Бирлигинен чыкканына карабастан өз позициясын жакшырта алды.

Орто Азиядан бир гана Казакстан 42-орунду ээлөө менен рейтинге кирген. Ал эми Орусия 50-орунду ээледи. Рейтингде акыркы 63-орунду Венесуэла ээлеген.

Изилдөөлөрдүн көпчүлүгү коронавирустук пандемиядан мурун жүргүзүлгөн, бирок авторлордун отчетуна ылайык, рейтингдин лидерлери инфекцияга каршы күрөштө да ийкемдүүлүктү жана натыйжалуулукту көрсөтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM