Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада коронавирустун жаңы 44 учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 323 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын жаңы 44 учуру катталды. Бул тууралуу маалыматты Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине таянып, эл аралык басылмалар жазды.

Ошондой эле, жаңы каталган 44 учурдун 11инде эч кандай виристун симптомдору байкалган эмес жана 33 учур жергиликтүү жашоочулардан аныкталган.

Кытайда жалпы вирус жуккан адамдардын саны 83 миң 265 адамга жетти. Алардын ичинен 78 миң 379 бейтап айыгып, 4634 адам каза болуп, 252 бейтап учурда медициналык көзөмөлдө турат.

Кытайдагы жаңы инфекциялардын көпчүлүгү Пекиндеги дүң соода базарында байкалууда ал жерде жаңы коронавирус инфекциясы пайда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM