Биз менен байланышыңыз

«Аламүдүн» базары дезинфекциялоо үчүн жабылды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 798 | 0

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» базары санитардык иш-чараларды жүргүзүү үчүн жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бардык соода түйүндөрү жана башка чарбалык субъектилер убактылуу жабылган.

-Санитардык чаралар күчөтүлөт, дезинфекция башкы санитардык врач Кубан Кундашевдин көзөмөлүндө жүргүзүлөт, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган. Жалпы 11 миңден ашык чарчы метр жер дезинфекцияланган. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы негизги базарлардын бири —  “Ош” базары убактылуу жабылары айтылган.

Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын саны 2372 адамды түздү. Анын ичинен 726 учур Бишкек шаарында катталды. Акыркы бир сутка ичинде 87 учур катталды, анын 48и Бишкек шаарында катталган.

Copyright © 2017 Maral FM