Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Кыргызстанда дагы бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 13 Июн 2020 | 931 | 0

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот  Үсөнбаев Республикалык штабдын брифингинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 52 жаштагы бейтап Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан.

Өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 27 кишини түздү.

Ал эми, 13-июнга карата Кыргызстан боюнча COVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учуру катталды. Ошондой эле, сутка ичинде 54 адам вирустан айыгып чыкты.  Жуктургандардын жалпы саны 2207ге жетсе, алардын 1722си оорудан сакайып кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM