Биз менен байланышыңыз

Казакстанда парламенттик шайлоо 12-августка белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 608 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-августта парламенттин Сенатынын депутаттарына шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-августуна дайындалсын , — деп жарлыктын тексти мамлекеттик ММКларда жарыяланган.

Жарлыкта шайлоо палатасынын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын ушул жылдын октябрь айында аяктагандыгына байланыштуу дайындалганы белгиленет.

Казакстан Өкмөтү, Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларынын акимдери, Казакстан парламентинин Сенатынын депутаттарын шайлоону уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, — деп айтылат жарлыкта.

Казакстандын 1995-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган Конституциялык Мыйзамынын 69-беренесине ылайык, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаттарынын конституциялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын октябрында аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM