Биз менен байланышыңыз

«43 айылда калкты таза суу менен камсыздоо жумуштары жүрүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2020 | 1044 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 43 айылда калкты таза суу менен камсыздоо жумуштарын жүргүзүп жатат. Ага жалпы 200 млн сом каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагы боюнча учурда 27 мекемеде, алардын ичинен Жалал-Абадда 6, Баткенде 5, Ошто 8 объектиде курулуш курулуш иштери  жүрүүдө.

-Экономика министрилишги да саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартып, демилгелерди киргизүүдө. Буга кошумча, маданий мекемелерден 9 объектиде, 22 спорт комплексинде иштер улантылууда, — дейт Бөрүбаев.

Copyright © 2017 Maral FM