Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирус жуктургандар жарым миллиондон ашты, бир суткада 174 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 514 | 0

Орусияда акыркы сутканын ичинде 8779 адам коронавирус менен катталды. Ошондой эле бир суткада 174 адам каза болду.

Ыкчам штабдын бүгүнкү маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар федерациянын 84 аймагынан тастыкталып, 3235 бейтап (36,8%) — коронавирус аныкталгандар менен байланышкан жана оорусу симптому жок өтүп жаткандар.

11-июнга карата Орусиядагы коронавирусту жуктуруп алып, ооруга чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 502 миң 436 адамга жетти. Алардын ичинен 6 миң 532 бейтап көз жумса, 261 миң 150 киши айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 13,8 млн адамга (акыркы суткада 329,7 миң) лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда 321 миң 923 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM