Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Ооруну жайылткандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 670 | 0

Тажикстанда парламент айланадагы адамдарга коркунуч жараткан ооруларды жайылтуу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун жактырды.

Анда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган жарандарга карата да жаза каралган. Ага ылайык, көчөгө беткапсыз чыккандарга экиден алтыга чейинки эсептик көрсөткүч (11 доллардан 28 долларга чейин) өлчөмүндө айыппул салынат. Бир эсептик көрсөткүч 58 сомониге, башкача айтканда, 5,6 АКШ доллар көлөмундөгү акча каражатына барабар.

Мындан тышкары, ЖМКларда жана соцтармактарда пандемия тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан жеке жактарга 10дон 20га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 150дөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул төлөшөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 4763 кишиге жетип, вирустан 48 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM