Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирусту жуктургандар 2 млндон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 428 | 0

АКШда COVID-19 вирустук инфекциясы менен катталгандардын саны 2 миллиондон ашты. Мындай маалыматты Жонс Хопкинс университетинин кызматкерлери билдиришип, ооругандардын эсебин алышкан.  .

Ага ылайык, Кошмо Штаттарында коронавирус менен катталгандардын саны 2 000 464, алардын ичинен 533 504 киши илдеттен айыкса, 112 908 адам каза болгон.

Белгилей кетсек, ДССУ 11-мартта COVID-19 коонавирустук инфекциясын пандемия деп жарыялаган. Уюмдун соңку маалыматы боюнча, дүйнөдө 7,1 миллиондон ашык адам вирус менен катталып, анын 408 миңден ашыгы каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM