Биз менен байланышыңыз

“Жарандыгы жок адамдын” макамы өкмөт тарабынан аныкталат

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 526 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот — укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 9-июндагы жыйынында «Чет өлкөлүк граждандардын Кыргызстандагы укуктук абалы жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан  карап, жактырды.

Бул маселе боюнча баяндаманы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жасады.

Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча мыйзамдын аталышы “чет элдик жарандар” деген сөздөн кийин “жарандыгы жок кишилер” деген сөз менен толукталып, биринчи берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат.

1-1 беренени  төмөндөгү сөздөр менен толуктоо каралууда: “Кыргыз Республикасында жарандыгы жок киши деп чет өлкөнүн жарандыгына таандык экенине далили жок адам эсептелет. Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал күбөлүк өздүгүн аныктаган жана жарандыгы жок адамдын макамын тастыктаган  документ болуп саналат. Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү нукура жүрүү документи болуп саналат.

“Жарандыгы жок адамдын” макамын аныктоонун тартиби жана жарандыгы жок адамдарга күбөлүктөрдү берүүнүн жол-жобосу Кыргыз Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Мындан тышкары, комитет «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап, жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM