Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Чалдовар жолунда эки унаа кагышып, 3 адам жабыркады

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 387 | 0

Бүгүн, 1-июнда, саат 11:00дө Бишкек − Чалдовар унаа жолунун 74-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа борбор калааны көздөй келе жатып, алдындагы унааны кууп өтүүгө аракет кылган. Өз тилкесине киргенге жетишпей, жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, аймактык ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Copyright © 2017 Maral FM