Биз менен байланышыңыз

АКШ Гонконгдогу кыймылсыз мүлкүн сатууда

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 452 | 0

АКШ өкмөтү Кытай менен болгон мамилелер курчуп бараткандыктан Гонконгдогу баалуу кыймылсыз мүлктөрүн сатып жатат. Бул тууралуу Bloomberg АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги булакка таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Гонконгдогу АКШга таандык бир нече үйлөр сатыкка коюлган. Алардын жалпы баасы 1,3 миллиард долларга бааланган. Мында Шоусон Хиллдеги бир нече люкс үйлөр жөнүндө сөз болуп жатат. Бул мүлктү АКШ 1948-жылы сатып алган.

Буга чейин Кытай өкмөтү Гонконгдун улуттук коопсуздук мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алган. Андан кийин Пекин менен Вашингтондун мамилелери кайрадан курчуп кетти.

Документ үчүнчү күчтөрдүн Гонконгдун ички иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салат. АКШ лидери Дональд Трамп бул кадамды «Гонконгдун статусунун төмөндөшү» деп атады жана бул үчүн Кытайга санкцияларды киргизерин айтып коркутту.

Документтин кабыл алынышы Гонконгдо нааразычылык акцияларына себеп болуп, жүздөгөн адамдар камакка алынган.

Трамп 29-майда Гонконгдогу бардык соода артыкчылыктары жокко чыгарыларын, экстрадиция келишимдери, АКШ жарандарынын Гонконгго кирүүсү боюнча сунуштар жана бажы преференциялары кайра карала тургандыгын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM