Биз менен байланышыңыз

1-июнга карата 69 кишиде коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 3338 | 0

Бүгүн, 1-июнга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 69 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бир күндө 1151 анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 69 жаңы учур катталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1817ге жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 11 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1181ге жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле учурда сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 362 учур катталды, алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 630. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 393 адам жатат.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 362 учур катталды, алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM