Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталат

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, балдарды жашоонун мааниси экендигин белгилеп, аларга чың ден-соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалады.

— «Балдарды ар тараптан колдоо, алардын укуктарын урматтоо, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомубуздун да милдети. Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек«,  — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле, мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон баштала тургандыгын айтып, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга  өзгөчө көңүл бурула тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары Жээнбеков 2020- жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында  үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо —  мамлекеттик саясаттын туруктуу түрдөгү артыкчылыктуу багыты катары аныкталгангдыгын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM