Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн Кемин районунда жер титиреди

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 670 | 0

Чүйдүн Кемин районунда бүгүн, 30-майда таңкы 05:27 силкинүү күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук сейсмология институтунан кабарлады.

Жер титирөөнүн очогу Ильичевск, Кичи-Кемин айылдарынан 5 чакырым түштүк-чыгыш жагынан орун алган.

Силкинүү күчү Ильичевск, Кичи-Кемин, Советское айылдарында – 3,5 балл, Бейшеке, Кайыңды – 3 балла, Кемин, Орловка – 2,5 баллга жеткен.

Курмандыктар, кыйроолор болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM