Биз менен байланышыңыз

Москвада карантин 14-июнга чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 780 | 0

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин изоляция, уруксат жана башка чектөө чараларын 14-июнга чейин узартуу боюнча буйрукка кол койду.

Документке ылайык, спорттук оюн-зоокторго жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Ошол эле учурда, шаарда чектөө чараларын жеңилдетүүнүн экинчи этабы 1-июнда башталат.

«1-июндан тартып чектөөлөрдү жеңилдетүүнүн экинчи баскычы башталат, анын алкагында соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү көптөгөн ишканалар өз ишин башташат», — деди Собянин.

Москвада «Зарядье» паркынан башка бардык сейил бактар жана жашыл аянттар ачылары кабарланууда.

Собяниндин айтымында, театр, музей, чачтарач, ресторан жана фитнес клубдарды ачууга али эрте.

Акыркы маалыматтар боюнча, Москвада коронавирусту жуктурган адамдардын саны 171,4 миң кишиден ашып, 2183 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM