Биз менен байланышыңыз

Иранда Израилге каршы мыйзам күчүнө кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 593 | 0

Ирандын президенти Хасан Роухани Израилдин «кастык аракеттерине» каршы туруу үчүн тийиштүү мыйзамды аткарууга буйрук берди.

Иран парламенти мыйзамды 18-майда кабыл алган. Документ Ирандын Аль-Кудс шаарында виртуалдык элчилик ачууну көздөйт.

Маалыматка караганда, Роухани ички иштер, тышкы иштер, маалымат (чалгындоо) министрликтерине, Куралдуу күчтөргө жана Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешине мыйзамда каралган иш-чараларды аткарууну тапшырган.

Атап айтканда, аткаруу бийлигинен палестиналыктарга колдоо көрсөтүп, 6 ай ичинде Палестина аймактарында виртуалдык элчилик же консулдук ачууга даярдык көрүү талап кылынат.

Мыйзам Израилди колдоп жаткан аскердик, саясий жана маданий иш-аракеттерге, ирандыктардын «оккупацияланган Палестина аймактарына» барышына жана Израиль менен байланышкан компаниялардын товарларын Иран аркылуу аткезчилик жол менен алып өтүүгө тыюу салат.

Мыйзам Израилдин Палестина элине, Ислам мамлекеттерине жана Иранга жасаган аракеттерине, ошондой эле Сирия менен Ливанды басып алууну улантуу аракетине жооп катары кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM