Биз менен байланышыңыз

Трамп: Тез аракет кылып, туура чечимдерди чыгардым

Дүйнө , Кыска кабар | 27 мая 2020 | 524 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп дагы бир жолу коронавирус пандемиясынын учурунда өзүнүн саясатын жана аракеттерин коргоду. Трамптын пикиринде, ансыз АКШдагы коронавирустун курмандыктарынын саны бир миллиондон ашып кетмек.

«Бул көрүнбөгөн вирустан бир өлүм да абдан көп. Аны Кытай токтотушу керек эле. Бирок мен аябай тез аракет кылып, туура чечимдерди чыгардым. Эгер мен өз жумушумду жакшы аткарбасам, биз 100 миң эмес, балким 1,5-2 миллион адамдан айрылып калмакпыз. Мен Кытайдан кире турган эшикти эрте жаптым!» — деп жазды Трамп Twitter баракчасына.

АКШ президентинин саясий оппоненттери буга чейин Трамптын аракеттерин эрте деп эсептешкен.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 1,725 ​​миллиондон ашты. Алардын ичинен 100,572 адам көз жумду. Ошол эле учурда 479,000ден ашык адам айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM