Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жайынын жакшы потенциалы бар

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 822 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында фармацевтикалык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сокулук районундагы башка дары-дармектер жана биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларынын катарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө маанилүү болуп саналган иммунитетти көтөрүүчү каражаттарды да өндүргөн «Биовит» фармацевтикалык заводуна барды.

Өндүрүш цехтеринен сырткары, ошондой эле дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөчү эл аралык стандарттарга ылайык аккредиттелген, Япония, Германия, Американын жабдуулары менен жабдылган заманбап лабораториясы да бар.

Заводдо 104 кызматкер эмгектенет. Продукция ички рыноктон сырткары КМШ, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга экспортко чыгарылат. Ошондой эле азыркы тапта жаңы цехтин курулушу бүтүп жатат, жакынкы күндөрү медициналык маскалар, салфеткалар жана бахилалардын сериялык өндүрүлүшү ишке коюлат.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 млн таблетка, 100 млн капсула, 50 млн порошок жана гранула, 5 млн сироп жана суспензияны түзөт. Жакын арада Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан заводдун өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө каржы бөлүнөт.

Ишкананын жетекчиси ошондой эле заводдо өндүрүлгөн дары-дармектердин бири коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулаарын айтып берди.

Ишкананы көрүп чыгып, Сооронбай Жээнбеков бул заводдун ишмердүүлүгүнүн мисалында атамекендик фармацевтикалык өнөржайдын жакшы потенциалы бар деп ишенимдүү айтууга болоорун канааттануу менен белгиледи. Өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен каржы институттарын аталган ишкананын заводду кеңейтүү, ички рынокту жана продукцияны экспорттоонун географиясын камтуу пландарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM