Биз менен байланышыңыз

Монголияда пандемияга карабастан Наадам фестивалы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 683 | 0

Наадам фестивалы Чыңгызхандын дооруна таандык жана Монголиядагы негизги майрамдардын бири.

Наадам жыл сайын 11-июлдан 13-июлга чейин бүтүндөй Монголияда белгиленет жана үч салттуу спортко басым жасалат: ат чабыш, күрөш жана жаа атуу.

Бирок быйыл Наадам фестивалы коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча катуу чаралардын алкагында өткөрүлөт.

Буга чейин Монголия Цагаан Сарды (Жаңы жыл) пандемиядан улам майрамдаган эмес.

«Наадам-2020» Улуттук майрамынын уюштуруу комитетинин өкүлдөрү өлкөнүн вице-премьер министри Э.Энхтүвшин менен жолугушуп, быйыл улуттук майрамды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Жолугушууда тараптар учурдагы кырдаалга ылайык, Монголия мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн 2229 жылдыгына, Улуу Монголия Империясынын негизделгенинин 814 жылдыгына, Элдик Революциянын 99 жылдыгына жана Демократиялык революциянын 31 жылдыгына арналган «Наадам-2020» фестивалын уюштурууга жана өткөрүүгө макулдашты. Анда саламаттыкты сактоо органдарынын сунуш, талаптары аткарылат.

Фестивалдын уюштуруу комитетинин маалыматына ылайык, иш-чаранын ачылыш жана жабылыш аземине көрүүчүлөр катышпай, негизинен телекөрсөтүүлөрдө көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, фестиваль учурунда маданий жана спорттук иш-чаралардын бардык катышуучулары COVID-19  боюнча текшерүүдөн өтүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM