Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда коронавирус жуктурган акыркы бейтап айыгып чыкты

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 1000 | 0

Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук ооруканасында коронавирус илдети менен ооруган бир дагы бейтап жок, 22-майда акыркы бейтап айыгып үйүнө чыгарылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

«Мен жалпы жергиликтүү элге терең ыраазычылык билдирип кетем. Карантин убагында жалпы эл кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, санитардык-карантиндик талаптарды жакшы сактап жатышат”, — деп билдирди Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1365 адамга жетти. Алардын ичинен 957 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM