Биз менен байланышыңыз

Бишкек: вирус жуктургандардын райондорго карата бөлүнүшү (тизме)

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 462 | 0

Бишкек шаарында 348 адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен токсону медицина, 43ү милиция кызматкерлери. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 348 адам менен 727 киши менен байланышта болгон.

Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү – 102 адам Ленин районунун аймагында жашайт, Октябрь районунда 71 адам, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагынан 43 адам катталган.

Ооруну жуктуруп алган 83 адам Бишкек шаарынын 20 калктуу конушунда турушат, алардын ичинен:
Ленин району (37):
— Арча Бешик калктуу конушу – 26, Ак-Өргө калктуу конушу – 6, Ынтымак калктуу конушу – 3, Ак-Ордо калктуу конушу – 2;

Октябрь району (10):
— Көк-Жар калктуу конушу – 7, Кара-Жыгач калктуу конушу — 1, Алтын-Ордо калктуу конушу – 1, Рухий-Мурас калктуу конушу – 1;

Биринчи май району (27):
— Ак-Босого калктуу конушу – 13, Көлмө калктуу конушу – 10, Тынчтык калктуу конушу – 1, Касым калктуу конушу – 1, Мурас-Ордо калктуу конушу – 1, Щербаков калктуу конушу – 1;

Свердлов району (9):
— Учкун калктуу конушу – 2, Керамическая калктуу конушу – 2, Красный строитель калктуу конушу – 2, Дордой калктуу конушу – 1, Эне-Сай калктуу конушу – 1, Ак-Бата калктуу конушу – 1.

Copyright © 2017 Maral FM