Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 2551ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2020 | 403 | 0

22-майга карата Тажикстанда 201 адамда жаңы коронавирус инфекциясы катталды. Бул тууралуу коронавируска байланыштуу бирдиктүү улуттук порталга жарыяланган маалыматка таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Коронавирустан бейтаптардын өлүмү катталган жок.

Жалпы коронавирус жуккан адамдардын саны 2551ге жетип, алардын ичинен 1089 бейтап айыгып, 44 адам көз жумган.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери бар миссиясы өлкөгө келген.

Copyright © 2017 Maral FM