Биз менен байланышыңыз

24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 1022 | 0

24-майда аянтта жана мечиттерде айт намаз окулбайт. Бул тууралуу  Муфтияттан кабарлашты.

Мындай чечим республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

— Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайбыз, — деп айтылат Муфтияттын билдирүүсүндө.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Copyright © 2017 Maral FM