Биз менен байланышыңыз

Санитардык талаптарды аткаруу катуу көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 676 | 0

21-майдан баштап ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандантуу ишкерлерден да, жарандык коомдон да социалдык жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп, бардык санитардык эрежелерди аткарууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууга тийиш.

Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, санитайзерлерди орнотуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер коомдук жайларда бекем сакталышы керек. Эң башкысы – ар бир жарандан санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөдөгү мындан аркы эпидемиологиялык абал көз каранды. Биринчи кезекте, кеп коомдук унаалар, соода борборлору жана коомдук тамактануу жайлары тууралуу болуп жатат, — деди Кубатбек Боронов.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, айрым май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталган жок, айрыкча айдоочуларга унааларына өз алдынча май куюуга уруксат берилүүдө, бул белгиленген санитардык нормаларга каршы келет.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды талкуулашты. Мындан тышкары обсервациялык жайлардын даярдыгы жана аларды кароо боюнча жүргүзгөн иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине сын айтылды.

Республикалык штаб жаңы обсервация үчүн орундарды даярдоо жана мындай жайлардагы тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип, үй карантинине алынгандар талаптарды катуу сактоосуна өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM