Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2880 адамга жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 364 | 0

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 880 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 82 учур катталган. Ал эми 24 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 880 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 338и айыккан. Ал эми коронавирус жуктурган 13 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM