Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1,5 млндон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 346 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 4,628 миллион кишиден ашып, алардын ичинен 312 миң адам каза тапты. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө 4,8 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 318,1 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык,  тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. АКШда инфекция жуккан адамдардын саны 1,5 миллион кишиге жетти. Экинчи орунда Орусия (290 миң), үчүнчүдө Бразилия (255 миң) , төртүнчү орунда Улуу Британия (247 миң), Испания бешинчи орунда (231 миң) турат.

Ошондой эле АКШда коронавирустун кесепетинен 90,3 миң бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM