Биз менен байланышыңыз

Кытайда 108 млн адам кайрадан карантинге алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1804 | 0

Коронавирустун кайрадан пайда болгонуна байланыштуу кытай өкмөтү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы 108 миллиондон ашык адамга карантиндик чара көрүүдө. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып кабарлады.

Ага ылайык, Цзилинь провинциясында коронавирустун 34 жаңы учуру катталып, ушундан улам автобус жана темир жол кызматы токтотулуп, мектептер жабылды.

-Кытайдын мындай чукул реакциясы вирустун чоң экономикалык жана социалдык чыгымдар менен жайылышын токтоткондон кийин экинчи толкундан коркуу сезимин чагылдырат. Ошондой эле, бул Кытайда жана башка өлкөлөрдө ооруга каршы даярдык көрүү канчалык деңгээлде начар экендигин көрсөтүп турат, анткени инфекциянын кайталанышы мурункудан дагы катуу изоляцияга кайтууга түрткү берет », — деп жазды агенттик.

Вирустун жаңы очогу катарында Цзилинь провинциясы айтылууда. Аймак февраль жана март айларында катуу блокадага туш болгон.

South China Morning Post провинцияда инфекциянын келип чыккандыгын кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, өкмөт провинциянын Шулан шаарын толугу менен жапты. Ал эми Цзилинь шаары да жарым-жартылай жабылды.

Облуска вице-премьер-министр башында турган өкмөттүк комиссия жөнөтүлдү. Ошондой эле алты жергиликтүү чиновник, анын ичинде Коммунисттик партиянын Шуландагы комитетинин жана шаардык ден-соолук комиссиясынын лидерлери кызматтан алынды.

Шаарда дагы катуу карантиндик чаралар киргизилген. Тактап айтканда, үй-бүлөдөгү бир адамга эки күндө бир жолу 2 саатка дүкөнгө чыгууга уруксат берилди.

Шуланга гана эмес, жакынкы шаарлар менен айылдарга да кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган, калаа курчалган.

Copyright © 2017 Maral FM