Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 489 | 0

Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, №1 тергөө абагынын кызматкери жана №27 колониянын кызматкери 13-14-майда ооруканага жаткырылган.

Бул кызматта иштеген 4 кызматкер коронавирус жуктурган. Учурда алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Абалы жакшы. Алар менен байланышта болгон адамдарды лабораториялык жол менен текшерүү иштери жүрүп жатат, — деди Үсөнбаев .

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 138 адамга жетти. Анын ичинен 804 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM