Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда селдин кесепетинен бир адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2020 | 975 | 0

Тажикстандын Хатлон облусунун Хуросон районунда 14-май күнү кечинде селдин кесепетинен бир адам каза болуп, турак үйлөрдү жана жолдорду суу каптады. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Селдин кесепетинен каза болгон маркум — Хуросон районундагы Хилоли айылдык кеңешинин 55 жаштагы тургуну.

Акыркы жолу Хуросондо сел 21-мартта катталган. Анда айыл чарба иштери менен алектенип жаткан Халкажар айылынын 59 жаштагы тургуну көз жумуп, кырсыктын кесепетинен 200дөн ашык турак-жайларды жана айдоо аянттарын суу каптаган.

15-майда Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кызматкерлери ондон ашык үй кырсыкка кабылганын билдиришти.

Акыркы сутка ичинде ошондой эле Вахдат шаарында да сел жүргөн. Жергиликтүү Элок жана Кофарникхон дарыялары жолдун 200 метрин, көпүрөнү жана үч короону каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM