Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Нарындагы төрөт үйүндөгү коронавирустун чыгуу себептери аныкталат

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 464 | 0

Нарын облусундагы төрөт үйүндө коронавирустун чыгуу себептерин аныктоо үчүн бүгүнкү күндө атайын комиссия иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова баштаган комиссия Нарындагы төрөт үйүндө коронавирустук инфекциянын чыгуу себептерин изилдөө үчүн жөнөп кетти.

Каратаев жана Акматова ушул маселе боюнча иш алып барышат. Алар төрөт үйүнө инфекция кандай жол менен келгендигин аныкташат. Андан соң тиешелүү чечимдер кабыл алынат жана коронавирустун андан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында, балким, төрөт үйүн башка жакка которуу дагы каралат, — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1111 адамга жетти. Алардын ичинен 745 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM