Биз менен байланышыңыз

Аскер кызматкерлери аскердик-талаа госпиталына обсервацияга жайгаштырылды

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 702 | 0

Куралдуу күчтөрдүн “Ала-Тоо” окуу борборунун базасында аскердик-талаа госпиталы ачылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талаа госпиталы 76 койка-орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдыктар жана техникалар менен анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган.

Бүгүнкү күндө госпиталда Куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн буга чейин блокпосттордо кызмат өтөөгө тартылган өздүк курамы обсервацияга жаткырылып, бардыгынан COVID-19 инфекцияга карата ПЦР анализдер алынды. Алар 14 күн бою аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат, бардык керек болгон медициналык жардам жеринде көрсөтүлөт. Аталган аймакта санитардык-эпидемиологиялык бардык нормалар сакталган, бардык аскер кызматчыларына медициналык маскалар жана коргонуу каражаттары берилген.

Ошондой эле, аскер кызматчыларынын тамактануусун камсыздоо үчүн талаа госпиталынын курамында чарбалык үлүш пункту жайгаштырылды, ал жерде күнүгө 3 маал ысык тамак даярдалат. Мындан тышкары, “Ала-Тоо” окуу борборунун аймагында жуунууну уюштуруу үчүн талаа душу орнотулду.

Copyright © 2017 Maral FM