Биз менен байланышыңыз

Орусияда «Танк биатлону» мелдеши башталды

Кыска кабар | 3 Авг 2019 | 689 | 0

Кыргызстандык танкисттер Орусияда өтүп жаткан «Танк биатлону» чемпионатына катышат. Бул тууралуу Ош шаарындагы №8 мото аткычтар дивизиясы маалымат каражаттарына билдирди.

Бүгүн, 3-августта Орусиянын Коргоо министрлигинин аскердик полигонунда 7-жолу эл аралык «Танк биатлону» чемпионаты башталат. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнөн 3 экипаж катышат. Мелдеште 25 өлкөнүн аскерлери ат салышат. Танкисттер ок атуу менен коштолгон ылдам жүрүү эстафетасында күч сынашат. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен кыргызстандыктар көк түстүү командага кошулду.

Кыргыз танкистери 4-5-7-август күндөрү Орусия, Иран жана Армениянын танкистери менен жарышка чыгат.

Мелдеш 17-августка чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM