Биз менен байланышыңыз

«Айрым медкызматкерлерге 100-200 сомдон компенсация берилүүдө»

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 473 | 0

Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөм бөлүү катары тез жардам кызматында иштегендерге 100-200 сомдон берилип жатат. Мунун туура эмес экендиги Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин 14-майдагы жыйынында билдирди.

-Дарыгерлерге кайрылып, «келиңиздер сиздерди COVID 19 менен ооруду деп каттоого алып, 200 миң сомду алып, тең ортодон бөлүп алалы» деген топтор пайда болуптур. Элге душмандык кылган жагдайарды токтотуу зарыл, — деди Маматалиев.

Эл өкүлү өкмөткө чет өлкөлөрдөн Кыргызтанга келе албай калган мекендештердин азык-түлүк, турак-жай маселесин чечип берүүсүн белгиледи. Мындай жарандардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM