Биз менен байланышыңыз

Дагы 38 адамда коронавирус аныкталып, 9 адам айыкты

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 826 | 0

Бүгүн, 14-майга карата Кыргызстанда дагы 38 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 38 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 14;
Чуй облусу — 4, (алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден)
Ош шаары — 1;
Жалал-Абад облусу — 4;
Нарын облусу — 15.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 9 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары — 1;
Ош облусу — 2;
Нарын облусу — 1.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1082 адамга жетти. Анын ичинен 735 бейтап сакайып, 12 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM