Биз менен байланышыңыз

Парламент өкмөттүн 2019-жылдагы отчетун жактырды

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 547 | 0

Кечээ, 13-майда Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун карады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Өкмөттүн үстүбүздөгү жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Талкуулардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM