Биз менен байланышыңыз

Японияда 50 жылдан бери тартылып келген мультсериал өз ишин токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2020 | 557 | 0

Японияда коронавирус пандемиясынан улам Гиннес китебине кирген Sazae-san  аталышындагы мультсериалдын чыгарылышы токтотулду. Бул мультисериалдын экранга чыгып жатканына дээрлик 50 жылдан ашык убакыт болгон.

Өндүрүш мультфильмдин үн коштогон актерлордун ден соолугунун коопсуздугу үчүн убактылуу токотулганын Fuji Television билдирди.

Сазае-сан аттуу үй кожойкесинин жашоосу жана үй-бүлөсүтууралуу баяндаган мультфильм 1969-жылдан бери көрсөтүлүп, Японияда культтук болуп эсептелип калган.

1975-жылдын 17-майындагы дем алыш күндөн бери биринчи жолу көрүүчүлөр мультфильмдин жаңы сериясын көрө алышпайт. Мульфильмди кайра тартуу качан уланары аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM