Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн тегерегиндеги жаңжал: Фашизмди АКШ жана Улуу Британия гана жеңген

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2020 | 520 | 0

Ак үй инстаграм баракчасына фашисттик улутчулдарды жеңүүдөгү СССРдин ролу белгиленбеген постун жарыялаган. Ак үйдүн тегерегинде жаңжал жараткан бул постто гитлердик Германияны жеңүүдө АКШ жана Улуу Британиянын гана эмгеги бааланган. Ал эми СССР элдеринин Улуу Жеңишке болгон салымы унутта калган.

АКШнын Орусиядагы дипломатиялык ведомствосу кечээ, 10-майда Интефакска Американын жогорку кызматта отурган адамдардын билдирүүлөрүн жаап-жашырып: “СССРдин согушту жеңип чыгуудагы салым кошкондугу ролу тууралуу бир катар кептер айтылган”, — деп актанып чыкты.

АКШ элчилиги: «Биз жогорудагы билдирүүлөрдө бир катар мамлекеттердин согуш учурундагы биргелешкен аракеттери жана курбанчылыктары жөнүндө айтылганын тастыктайбыз, — деп белгиледи.

Ал эми Ак үйдүн инстаграм баракчасында жайгаштырылган видеодо Дональд Трамптын Экинчи дүйнөлүк согуштун мемориалына койгон гүлчамбарын “1945-жылдын 8-майында АКШ жана Улуу Британия нацисттердин үстүнөн жеңишке жетишти”  деген тексти коштоп турат.

Мындай билдирүүгө өз кезегинде Орусия ТИМи нааразычылыгын билдирип: Америкалык атка минерлердин фашисттерди жеңүүдө Кызыл армиянын жана совет элинин болуп көрбөгөндөй каармандыктары жана курманчылыкктары тууралуу айтууга эрки жана каалоосу болгон жок”, — деп АКШ бийлигин катуу сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM