Биз менен байланышыңыз

Орус-казак чегинде калышкан кыргызстандыктар мекенине келе жатышат

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 1717 | 0

Орусиядан Кыргызстанга жөнөп, орус-казак чек арасында убактылуу калып калышкан кыргыз жарандары мекенине карай жол тартышты. Аларга Казакстан аркылуу бир жолку транзиттик жол ачууга уруксат берилди.

Бул маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти тастыктап, казак тарап менен сүйлөшүүгө жетишилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 441 кыргызстандык жаран автобустар менен жолго аттанышкан. Акыркы автобус жолго 5-майга караган түнү чыкты.

Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу 17-мартта жабылган.

Мындан улам Орусия шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан кыргыз жарандары Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде 1,5 айдай туруп калышкан.

Copyright © 2017 Maral FM