Дүйшөмбү күндөн тарта 4 миллиондон ашык италиялыктар жумушка чыга баштады. Алар толук эки ай карантинден кийин кайра күнүмдүк жашоосуна кайтып келе башташты. Испанияда да адамдар акырындык менен көчөгө чыга баштады. Тактап айтканда, Европа өлкөлөрү баскыч-баскычы менен карантин эрежелерин жеңилдете баштады.