Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 4-майда 35 учур катталды. 9у медицина кызмакерлери

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 589 | 0

Бүгүн, 4-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учур катталды. Алардын ичинен 9у медицина кызматкерлери.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Аматова билдирди.

Катталган бейтептардын 26сы Бишкек шаарынанан. Чүй облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу – 1 адамдын вирусту жуктуруп алгандыгы катталды.

Жалпысынан алганда 830 кыргызстандык аталган ооруга кабылган.

Айнура Акматова кошумчалагандай, бүгүн сутка ичинде 11 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM