Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 76га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2020 | 588 | 0

2-май күнү кечинде тажик мамлекеттик телеканалынын жаңылыктар программасында Тажикстанда коронавирус инфекциясы 76 адамда аныкталганын кабарлады. Ошол эле учурда эки адам коронавирустан көз жумганы да айтылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2782 бейтап өлкөнүн ооруканаларында дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон жана акыркы суткада абалы турукташкан 217 бейтап ооруканадан чыгарылган.

Буга чейин өлкөдө коронавирустук инфекциянын 32 фактысы аныкталган болчу. Дүйшөмбү шаарында 17, Согди облусунда 10 жана республиканын башка райондорунда 5.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган. Алардын ичинен 10 адам Согдий облусунун, 5 адам Дүйшөмбү шаарынын жашоочулары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM