Биз менен байланышыңыз

2-май: коронавирус жуктургандардын саны 769га жетти

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 771 | 0

Бүгүн, 2-майга карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 3;
Ош шаары — 2;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 2;
Нарын облусу — 1;

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 9;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 2;
Нарын облусу — 11.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 769га жетти. Жалпы 527 бейтап айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM