Бүгүн, 2-майга карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 3;
Ош шаары — 2;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 2;
Нарын облусу — 1;
Ошол эле учурда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 9;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 2;
Нарын облусу — 11.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 769га жетти. Жалпы 527 бейтап айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.