Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Бюджетке 30 млрд сом түшпөй калары болжолдонууда

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 357 | 0

Кризиске каршы план реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү чагылдырууга жана мүмкүн болушунча натыйжалуу болууга тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы башында эле бюджетке болжол менен 30 миллиард сомдой түшпөй калары болжолдонгонун айтты.

«Буга байланыштуу эл аралык институттар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеленген. Бүгүнкү күндө 456 млн доллар көлөмүндө колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди. Бул Эл аралык валюта фондунун (19,6 млрд сом), Азия өнүктүрүү банкынын (4,1 млрд сом), Евразия өнүктүрүү банкынын (8,2 млрд), Евросоюздун (1,2 млрд сом) жана башка институттардын каражаттары», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бизнести колдоого 14 млрд сомдун булагы табылды, бирок анын пикиринде бул каражаттар жетишсиз жана сумма эки эсеге көбөйтүлүшү керек.

Премьер-министр муктаждарга жардам берүү боюнча иштер улантылып жатканын, базарларда күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү экенин, бардык социалдык милдеттенмелер өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүп жатканын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM