Биз менен байланышыңыз

Залкар акын Зайырбек Ажыматовдун өмүр-таржымалы

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 13415 | 1

Кечээ күнү далай жандын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасаган мекенчил акын, белгилүү журналист Зайырбек Ажыматов дүйнөдөн өтүп кетти. Анын ырларында улуттун ар-намысын козгогон  жарандык патриотизм жалындап турса, бир жагынан календарлык поэзиясы, бир жагынан тунук сүйүүнү даңазалаган назик лирикасы төгүлүп турар эле. Эң жөнөкөй жашап, чоң адамдык максаттарды ишке ашырууга умтулган акын болгону 44 жаштын астанасын аттап, өмүрдөн көчүп, акырет сапарга бет алды…

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын (мурдагы чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмеси) алгачкы муунунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын дипломанты, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулуп, өскөн.

Зайырбек Ажыматов 1993-жылы айылдык орто мектепти аяктап, 1993-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуган. Студенттик жылдарында республикалык коомдук-маданий “Обон” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы, “Улут ыйманы” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.

1998-2001-жылдары коомдук-саясий “Асаба” гезитинде кабарчы болгон. 2001-2005-жылдары өз алдынча чыгармачылыгы менен алек болгон.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчы болуп иштеген.

2006-2007-жылдары коомдук-саясий “Бишкек таймс” басылмасында саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2007-2009-жылдары КТРКнын радиотармагында жана “Агым” гезитинде редактордун орун басары, өмүрүнүн акыркы жылдарында “Азаттык” радиосунун кабарчысы болуп эмгектенип келе жаткан.

Анын ырлары 1990-жылдардан бери райондук жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келген.

Ал 1997-жылы ресубликалык Жогорку окуу жайларында акындар арасында өткөрүлгөн “Жылдыздуу саат” кароо-сынагынын лауреаттыгына татыган.

2006-жылы акын “Мелмил” ыр жыйнагы менен “Алыкулдун акбоз ат” кароо-сынагынын биринчи даражадагы лауреаты болгон.

2006-жылы Кыргызпатенттин Адабият тармагы боюнча “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2006-2007-жылдардагы Кыргыз Өкмөтүнүн “Жаштар” сыйлыгынын “Алтын дипломунун” ээси болгон.

КТРКнын “2007-жылдын мыкты журналисти” дипломуна татыктуу болгон.

1996-жылдан Кыргыз Респубикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, 2001-жылдан Чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмесинин жана “Калемгер” Адабий клубунун уюшулгандан берки мүчөсү болгон.

Чыгармачылыктагы эмгеги бааланып, акынга 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ардак наамы ыйгарылган.

Зайырбек Ажыматовдун “Жалгыздык” (1996-ж.), “Мелмил” (2005-ж.), “Нөлү көп жылдар” (2001-ж.), “Жүрөктөгү бороон” (2019) ыр жыйнактары окурмандардын жүрөгүнөн тунөк тапкан. Анын ырлары элдин, жаштардын сүйүп окуган чыгармаларына айланган. «Марал” радиосунун эмгек жамааты кыргыз элине, акындын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Ажыбаева Г. А.

    30.04.2020 21:41

    Зайырбектин ырларын мектеп окуучулары корком окуу менен кароо конкурстарга катышып байгелуу орундарга ээ болушат.Замандаштарын, жаш шакирт акындар эскерип ,баарыбыздын муунубузду бошотуп коздорубузго жаш алып телени коруп отурабыз. Кош эми,жанаттан жай берсин! Мектеп окуучулары менен бирге эскертуу кечесин созсуз уюштурууга аракет жасайбыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM