Өлкөдө коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Күнүнө ооруга чалдыккан 10-20 адам аныкталып жатат. Алар үй карантининде жана обсервацияда жаткандардан чыгып жатат. Ал эми ошонун арасында белгилери жок, башкача айтканда өзүнүн ооруганын, кайсы жерден жуктурганын билбеген 1-3 адам чыгууда. Айрымдары аны билсе дагы жашырып, өзүн өзү дарылагандар бар. Ага байланыштуу штабдын чечими менен атайын мобилдик топтор түзүлгөн», — деди ал.
Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти. 437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.